Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Кут жаңы конушунун аймагында жыйын өткөргөн.

Анда Сокулук районунун администрациясынын жана «Кадастр» мекемесинин, Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн, шаар четиндеги аймактардын башкы архитектору, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Биз Ново-Павловка 100 га (Кут) конушунун түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан жер тилкелериндеги  негизги маселени  талкууладык.

Жыйынтыгында “Кадастр” жана “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемелери  “Кадастр” Сокулук филиалы” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жакынкы аралыкта жер тилкелеринин аймактык тиешелүүлүгүн аныктоо боюнча комиссиялык иш-чара уюштуруу чечими кабыл алынды.