Биринчи май райондук администрациясында калкты жана турак жай фондун каттоо боюнча жумушчу жыйын өттү.

Улуттук статистикалык комитеттин өкүлдөрү, МАБдардын  жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө эл каттоонун экинчи этабынын учурлары талкууланды.

Жыйынтыгында калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин ар кандай себептер менен мурда эл каттоодон өтпөй калгандарды тактоо жана эсепке алуу боюнча контролдук кыдырууларды  өткөрүү тапшырылды.

Эске салсак, эл каттоого Кыргызстандын бардык жарандары, өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоо учурунда убактылуу жок болгон Кыргызстандын жарандары өткөрүлөт.

Мындан тышкары, алар өлкөнүн, шаардын, райондун аймагында жайгашкан бардык турак жайларды каттоону жүргүзүшөт.

Экинчи этаптагы эл каттоонун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген.

Урматтуу шаардыктар! Биринчи май районунун муниципалдык администрациясы бардык тургундарды эл каттоого активдүү катышууга чакырат. Анткени, өкмөттүн чечимдеринин кабыл алынышы калктын саны жана жашоо шарты боюнча так маалыматтарга көз каранды.

Эл каттоонун жүрүшү боюнча суроолоруңуз болсо, Биринчи май районунун 0312 30-08-71, 32-49-13 ишеним телефонуна кайрылсаңыздар болот.