Автоунааларды стихиялуу токтотууну жана дөңгөлөктүү фудкортту тартипке келтирүү максатында кошумча жол белгилери орнотулду.

Чүй проспектисинен Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнө чейин бульвардын боюнда “Токтотууга болбойт” деген он эки жол белгиси орнотулду.

Эми Эркиндик бульварынын сол тарабында эки тарапка унаа токтотууга тыюу салынат.

Белгилей кетсек, акимчиликтин борбор калаанын кызматтары менен биргелешкен ишинин натыйжасында шаардыктардын  жана жол кыймылынын коопсуздугу камсыз кылынды.

Урматтуу айдоочулар, жөө жүргүнчүлөр! Сураныч! Жол эрежесин сактаңыздар жана өтө этият болуңуздар!