Шаардын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Күн сайын инспекторлор тарабынан мыйзамсыз курулуштардын ээлерине муниципалдык жерлерди өз ыктыяры менен бошотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Бөкөнбаев көчөсү №88 дарегиндеги «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик мекемесинин  жана Раззаков көчөсү №62 дарегиндеги №3 кесиптик лицейдин тосмолору өз ыктыяры менен алынды.

Текшерүүнүн  жүрүшүндө Патрис Лумумба көчөсү  №161 дарегиндеги жана №10 кичирайондогу күркөлөр, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык чарба департаментинин  тосмолору демонтаждалды.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды  төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.