Өткөн ишембиде борбор калаада жалпы шаардык ишембиликтер өткөрүлдү.

Бекитилген аймактарды тазалоого 470 мекемеден 13 миң 267 адам чыкты. Борбордук аппараттын кызматкерлери Фере көчөсүндөгү “Кыргызстандын 40 жылдыгы” аянтын, шаардык кызматтардын кызматкерлери өздөрүнө бекитилген аймактарда иретке  келтиришти.

Жыйынтыгында 1033 бак-дарак отургузулуп, таштанды чыгарууга 25 атайын техника тартылган.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы шаарды  иретке  келтирүүгө көрсөткөн жардамыңыз үчүн ыраазычылык билдирет.