Ленин районунун акими Русланбек Тагаев салтка айланган жарандарды жеке кабыл алуу өткөрдү.

Жолугушууда райондун тургундары  каттоого  уруксат алууга көмөк көрсөтүү, соода жайын берүү, Орто-Сай айылынан мектеп курууга мыйзамдаштырылган жер тилкесин берүү, ошондой эле материалдык жардам көрсөтүү боюнча кайрылышты.

Тургундардын бардык кайрылуулары боюнча район башчысы тиешелүү кызматтарга бардык маселелерди тез арада чечүүнү тапшырды. Кабыл алууга муниципалдык администрациянын бөлүм башчылары, райондук кызматтардын жана МАБдардын жетекчилери да катышты.

Акимдин  жеке кабыл алуусуна жазылуу үчүн муниципалдык администрациянын бирдиктүү терезесине (биринчи кабат, фойенин сол тарабында) же 0 (315) 656905, 656909 телефондору аркылуу кайрылуу керек.