“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 21-апрелде саат 9:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү райондордо суу берүү токтотулат.

- Ала-Арча дарыясы - темир жол линиясы - Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;
- Жаш Гвардия бульвары - темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү  - Манас проспектиси;
- Дэн Сяопин проспектиси - Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү  - Кулиев көчөсү -  Москва – көчөсү – Фучик көчөсү  - Казаков көчөсү.

Бул “Батыш-2” суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууларын суранат.