Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун салтка айланган районду кыдыруусу  уланууда.

Бул жолу көчмө жыйын  Абдрахманов көчөсү менен Киев көчөсүнөн Линейная көчөсүнө  чейин өтүп, Соода үйүнүн маңдайы, Эркиндик бульварынын бою, Курманжан-Датка эстелигинин, Ала-Тоо кинотеатрынын айланасы, Чүй-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймактар текшерилди.

Жөө кыдыруунун  жүрүшүндө көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, ирригация, мыйзамсыз курулуштарды, тосмолорду бузуу жана стихиялуу соода жүргүзүү маселелери талкууланды.

Жөө кыдыруулар  уланууда.

Урматтуу шаардыктар! Шаар турмушуна байланышкан бардык суроолор боюнча 1840, 1850 колл-борборунун кыска номурларына чалып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтсөңүз болот.