Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаменти тарабынан Москва көчөсү №225 дарегиндеги  муниципалдык имаратты бошотуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Аянты 532,5 чарчы метр болгон имаратты  «Камэк» ЖЧКсы бошотту.

Мекеменин бейтаптары башка ооруканаларга которулуп, имарат бошотулуп, шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын балансына өткөрүү маселеси каралууда.

Буга чейин департамент  Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын чечимине ылайык, имаратты өз ыктыяры менен бошотуу боюнча тиешелүү билдирүү жөнөткөн. Бирок бул эскертүүнү  «Камэк» ЖЧКсы этибарга алган эмес.