Шаардын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык “Озтопарк” (“KG Групп” курулуш компаниясы), “Чүй  Батыш Курулуш”,  «Фрунзенец» монтаждоо кооперативи жана «Еврострой инвест» компанияларына 13 миң сомдук өлчөмдө айып пул салынды.

Жолду бузгандыгы үчүн 177-берененин 1-бөлүгү боюнча Жибек-Жолу көчөсүнүн тургуну 5 миң 500 сом өлчөмүндө жоопкерчилик тартат. Ушул эле берененин 2-бөлүгү менен 7 миң 500 сомго топуракты ташып чыгуу эрежесин бузгандыгы үчүн Анкара көчөсүнүн тургуну Болотбек у.Э.га айып салынды.

179-берененин 1-бөлүгүнө ылайык көрнөк-жарнактарды мыйзамсыз орноткондугу үчүн «Филос» жана «Тил академиясы» окуу борборлору жоопкерчиликке тартылат. Айып пулдун өлчөмү жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланыштуу кайрылууларды  төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.