Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги мырза менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар шаар турмушу, билим берүү жана илим жаатында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле Будапешт менен Бишкек шаарларынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү маселеси талкуулады.

Өз кезегинде борбор калаанын мэри баарлашуу үчүн ыраазычылыгын айтып, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишеним билдирди.