Биринчи май райондук администрациясында билим берүү борборунун, ҮМБ, психолог жана социалдык кызматкерлердин, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, “SOS Балдар айылы”, “Элим барсыңбы” коомдук фонддорунун, «Альтернатива» үй-бүлөнү калыбына келтирүү борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Комиссиянын мүчөлөрү жашы жете элек балдарга таандык мүлктүн үлүшүн сатууга уруксат берүү, социалдык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үй-бүлөнү каттоодон чыгаруу, үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүү пландары жана баланы коргоо боюнча жеке пландарды бекитүү, үй-бүлөлүк зомбулук, балдар арасындагы укук бузуулар, жалпы билим берүү мекемелерине жайгаштыруу боюнча 12 материалды карашты.

Психологиялык жардамга муктаж жашы жете элек өспүрүмдөр КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Балдарга жардам көрсөтүү борборунун жана Республикалык психиатрия жана наркология борборунун адистерине консультация алуу үчүн жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, КРнын Өкмөтү бекиткен жобого ылайык, балдар иштери боюнча комиссиянын жыйыны жума сайын өткөрүлүп турат.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, райондордун балдарды жана үй-бүлөнү колдоо телефонуна кайрылыңыз:

- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.

Балдарга жардам борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111.