Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаковдун демилгеси менен А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драм театрынын залында муниципалдык администрациясынын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери жана активисттер үчүн мазмундуу лекция өткөрүлдү.

Баяндамачы «Бакдөөлөт» коомдук фондунун директору Мураталиев Мелис.

Лекциянын жүрүшүндө угуучулар суроолорду узатып, жооп алышты.

Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасынын жарандарынын руханий-адептик өнүгүүсүн калыптандырууга салым кошуу.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1  «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө»  Жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлдү.