Шаар ишин улантууда. “Тазалык” муниципалдык ишканасы шаардагы фонтандарды тазалоо иштерин баштады.

Күзүндө кызматкерлер борбор калаанын фонтандык комплекстерин пландуу оңдоо жана профилактикалык тейлөө иштерин жүргүзүшкөн.

Учурда бардык кыймылдаткычтар ирээтке келтирилип бекемделди, насостордун ортосундагы болттор, электр кыймылдаткычтарынын жана насостордун подшипниктери алмаштырылды, кабелдер тазаланды, гранит плиталары оңдолуп, суу эсептегичтери орнотулду.

Учурда Ала-Тоо борбордук аянтында фонтандарды ылайдан жана топурактан тазалоо иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан комплекси бар.