Шаардын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Сыдыков көчөсү реконструкциялоого даяр. Оңдоого  тоскоол болгон объектилер алынды.

Алсак, Сыдыков-Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2 гараж, Сыдыков-Шевченко кесилишинде 4 гараж, Сыдыков көчөсүндөгү №250 көп кабаттуу үйдүн темир тосмолору, Сыдыков-Шевченко көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир тосмолор, бут кийим оңдоо жайы,  Сыдыков-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде  соода күркөсү демонтаждалды. Ошондой эле эки объекттин ээлери үч күндүн ичинде курулуштарды өз ыктыяры менен алууга милдеттеништи.

Маликов көчөсүн реконструкциялоого тийиш болгон объект жоюлду.

Ошондой эле, Тагай-Бий-Дүйшөбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 3 бетон плита жана 3 мамы, Алыкулов-Өмүракунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги  жеңилдетилген типтеги объект демонтаждалды.

Ыктыярдуулуктун негизинде «Ала-Арча» соода борборунун жанындагы дөңгөлөктүү 4 объект жана гриль тоок саткан бир күркө, Ч.Айтматов проспектиси №1 дарегиндеги  Мамлекеттик каттоонун («Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы) айланасында тосмо алынып салынды.

Буга чейин инспекторлор тарабынан бардык менчик ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча билдирүүлөр берилген.

Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.