Апрель айынын экинчи декадасында «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын беш суу алгычында оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүү пландалууда.

Жай мезгилине даярдык көрүү үчүн суу чарба курулуштарын токтотуу графиги:
-19-апрель — «Гагарин» суу алгычы;
-19-апрель – «Түштүк-Батыш» суу алгычы;
-21-апрель – «Батыш-2» суу алгычы;
-26-апрель - "Батыш" суу алуучу жайы;
-28-апрель – “Башкара-Суу” суу алгычы.
Бул жылына эки жолу өткөрүлүүчү пландуу иш-чаралар.

Суу алгычтарды өчүрүү учурунда олуттуу көлөмдөгү оңдоо жана тейлөө иштери жүргүзүлөт. Аны менен жабдуулардын жана объектилердин туруктуу иштеши үчүн негиз түзүлөт.

Суу алуучу жайды тейлөө учурунда муздак суу берүү токтотулат.

«Бишкексууканал» башкармалыгы ичүүчү сууну камсыздап алууну  сунуштайт. Ыңгайсыздыкты азайтуу үчүн оңдоо иштери иш күндөрү күн ичинде  жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Кошумча өчүрүүлөр пландаштырылган даталарга жакын жарыяланат.