Молдобасаров Мирлан Камчыбекович Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды. Ал буга чейин капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын аркалап келген.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын начальниги болуп Шеримбаев Максат Калыбекович дайындалды.

Жаныкеева Чынара Доктурбековна Октябрь районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Ал кызматка мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрларынын түзүлгөн резервинен дайындалган.

Тиешелүү буйруктарга калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров кол койду.