Интергельпо көчөсү Кеңсуйская көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылгандыгына байланыштуу троллейбустук каттамдардын кыймылы өзгөрөт.

Маалыматка ылайык, №10 жана 2-троллейбустук  каттамдардын схемасын жарым-жартылай өзгөртөт. Көчөнү реконструкциялоо иштерине байланыштуу троллейбустук каттамдар Ю.Фучик көчөсү менен каттайт.

Урматтуу шаардыктар! Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен маршруттук каттамдарыңызды пландаштырууну суранабыз.