«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасында наркологиялык кабинет иштейт.

Эки автопарктын айдоочуларын текшерүүнү 7 нөөмөтчү наркологдор жүргүзүүдө.

Дарыгерлер эртең менен каттамга  чыгып жаткан айдоочуларды медициналык кароодон өткөрүшөт. Текшерүү жол баракчалары  журналга каттоодон, тышкы экспертизадан, кан басымын өлчөөдөн турат.