Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков тылда иштеген Анастасия Александровна Толочкованын ден соолугун сурап, коляска белекке берип, ардагерибизге чың ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Анастасия Александровна 1927-жылы 9-январда Казак ССРинин Караганда шаарында туулган. Эмгек жолун 1947-жылы Жети-Өгүз районунда эсепчи болуп иштөө менен баштаган. 1930-жылы Фрунзе шаарына көчүп келген.

«1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалдары, ошондой эле «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишине 50 жыл», «Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишине 65 жыл» юбилейлик медалдары менен сыйланган.

Ошондой эле, ал Бишкек шаарынын Свердлов райондук СӨБда тыл кызматкери катары каттоодо турат жана ай сайын 2000 сом акчалай компенсация, ошондой эле квартал сайын 3000 сом өлчөмүндө стипендия алат.