Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Тулебердиевдин аты аталган паркта, анын 100 жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү.

Иш-чараны Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкулов ачты.

Баатырдын жана бардык курман болгон жоокерлердин элесине бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланып, ардактуу кароолдун ротасы үч жолу мылтыктан салют аттырды.

Баатырдын жаркын элесине таазим этип, эскерүү үчүн шаардыктар, мектеп окуучулары, Ленинград блокадачылары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Бактыбек Абдиев, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков, вице-мэр Виктория Мозачева, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасынын орун басары Марат Кутанов, Коргоо министрлигинин идеологиялык жана тарбиялык иштер башкы башкармалыгынын начальниги Мирбек Казымбеков, Бишкек шаарынын Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктагы эмгекчилердин Кеңешинин төрагасы Мелис Бейшеев, Советтер Союзунун Баатыры Ч.Түлөбердиев атындагы Кыргыз-Россия коомдук фондунун төрагасы Байымбет Мураталиев жана  Ч. Түлөбердиев атындагы коомдук фондунун төрагасы  Кубанычбек Керимбеков келишти.

Митинг-реквиемдин соңунда катышуучулар эстеликке гүл коюшту.

Маалымат: Чолпонбай Түлөбердиев-Советтер Союзунун Баатыры. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Воронеж фронтунун 6-армиясынын чабуулдук операциясын жүргүзүү үчүн дзоттун амбразурун денеси менен жаап, стратегиялык жээкти басып алууну камсыз кылган.

Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы 13-апрелде Кыргыз ССРинин Талас районундагы Шымкент (азыркы Чолпонбай) айылында туулган. Мектепте жети жыл окуп, анан колхоздо иштеген. 1941-жылы армияга чакырылган. Ал 160-дивизиянын 363-полкунун аткычы болгон.

Белгилей кетсек, Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгын белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык республикалык маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмесине киргизилген.