17-апрелде борбор калаада муниципалитеттин колдоосу менен VISA DUATHLON Bishkek 2022 мелдештери өтөт.

Дуатлон боюнча мелдештер салттуу түрдө триатлон сезонун ачат. Дуатлон триатлондун дисциплиналарынын бири болуп, спортчу токтобой басып өтүүгө тийиш болгон 3 этаптан турат. Кыргыз Республикасынын триатлон федерациясынын жеке жана командалык эстафеталык жарыштарда 12-15 жаштагы балдар үчүн Super Sprint дистанциясы жана профессионал спортчулар, чуркоону каалагандар  үчүн Спринт дистанциясы боюнча мелдештерди өткөрөт.

Дистанция «Супер спринт» - 2 км чуркоо, 8 км веложарыш жана 1 км чуркоо
"Спринт" дистанциясына төмөнкүлөр кирет: 5 км чуркоо, 20 км велосипед тебүү ошондой эле ага кошумчалай дагы  2,5 км чуркоо.
Катышуучулар төмөнкү номинациялар боюнча медалдар үчүн ат салышат:
• U15 (12-15 жаштагы балдар)
• Жаштар
• Пара атлеттер
• Шоссе ышкыбоздору: «18-29», «30-39», «40-49», «50» жаш топторунда
• Вело сүйүүчүлөр - жалпы таблица
• Эстафета – 2 адамдан турган команда (жөө күлүк жана велосипедчи)

Жыйынтыктарды чыгаруунун алдында балдар арасында бекер жарыш өткөрүлөт, ага Триатлон федерациясы аркылуу кайрылсаңыз болот.

Мелдештер шаардын түштүк тарабындагы Ынтымак паркында, Масалиев жана Ч.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлөт.

Мелдешке 200-250 адам, анын ичинде коңшу өлкөлөрдөн келген спортчулар да катышат.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сиздерди старт учурунда спортчуларды колдоп, ар кандай мелдештерге катышууга чакырабыз.