Сыдыков көчөсүндөгү бак-дарактардын кыйылышы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти төмөнкүлөрдү  билдирет.

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү концепциясы жөнүндө» токтомуна ылайык, Сыдыков көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү КЭР грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» (фаза-2) долбооруна киргизилген.

Бул жолду реконструкциялоо долбоору «Бишкекглавархитектура» МИ тарабынан берилген архитектуралык-пландоо шарттарынын (АПШ) негизинде иштелип чыгып, КР Мамлекеттик курулушунда экологиялык экспертизадан жана Мамлекеттик экспертизадан өткөн.
Долбоорго ылайык, жолду реконструкциялоонун узундугу 560 метрди, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 6 метрди, тротуарлардын туурасы жүрүүчү бөлүктүн эки тарабында 1,5 метрди түзөт. Ошондой эле жолдун эки тарабына ирригация орнотулат.

Көчөнү реконструкциялоонун негизги максаты - айланасын көрктөндүрүү. Жолдун асфальт төшөлгөн бөлүгү чындыгында талкаланган. Гараждар, соода павильондору жол боюна туш келди орнотулган.

Тротуарлардын абалы начар, техникалык талаптарга жооп бербейт, ирригациялык система толугу менен ылайланып, талкаланган.
Белгилей кетсек, бул көчөдө 30 жылдан ашык убакыттан бери олуттуу оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.