Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматына ылайык, 17-апрелден тарта Интергельпо көчөсүнүн Кенсуй көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат.

Аталган көчө Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында оңдолот.

Унаалардын өтүшү үчүн альтернативалык жолдор Пишпек жана Фучик көчөлөрү болот.

Урматтуу шаар тургундары! Жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландап коюуңуздарды суранабыз.