2022-жылдын 22-мартынан 28-мартына чейин борбор калаада окуучулар арасында шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү.

Республика боюнча 500дөн ашык балдар жана өспүрүмдөр катышты.

Бишкек шаарынын  мэриясынын Жаштар жана өспүрүмдөр шахмат мектебинен 66 мектеп окуучусу катышты. Байгелүү орундарга төмөндөгүлөр ээ болушту:

Кыздар арасында:
- Шергалиева Амина (5 жашка чейин) 1-орун;
- Аманова Адия (9 жашка чейин) 3-орун;
- Советбекова Нурай (17 жашка чейин) 1-орунду ээледи.

Балдар арасында:
- Камчыбеков Бакай (5 жашка чейин) - 1 орун;
- Али Бигелдиев (7 жашка чейин) - 1-орун;
- Амиржанов Бекбол (15 жашка чейин) - 3-орун.

Командалык эсеп боюнча жаштардын спорт мектеби республикада экинчи орунду ээледи.

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Жаштар шахмат мектеби 2016-жылдын сентябрь айында түзүлгөн, мектептин базасында жалпысынан 1232 окуучудан турган 107 тайпа бар.