Мындай маалыматты борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров «Ала-Тоо 24» телеканалынын эфиринде билдирди. Биринчи кезекте аймакты гараждардан бошотуу шаардыктардын кызыкчылыгына жана унаа тыгындарын жоюуга багытталгандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, 2017-жылы сот гараж ээлерине эскертүү берген. Үй ээлери гараждарды демонтаждоону бир жыл мурун алышкан, бирок алар эскертүүнү аткарышкан эмес. Буга байланыштуу Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча шаардык инспекциясы гараждарды демонтаждоо иштерин баштады.

Эске сала кетсек, 1972-жылы шаардын ар кайсы жерлеринде, анын ичинде Аламүдүн каналынын боюндагы 11 -кичирайондо 1,5 гектар аянтты ээлеген 3400 унаа токтотуучу жайга унааларды убактылуу жайгаштыруу үчүн жерлер бекитилген. Андан кийин №20 гараж-курулуш кооперативи  уюштурулган.

Мэрдин маеги төмөнкү шилтемеде: http://namba.kg/#!/files/download/186904382