Урматтуу шаардыктар! Борбор калаада тазалыкты жана тартипти орното турган убак. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров ар бириңиздерди ушул ишемби, 2-апрель күнү өтө турган жалпы шаардык ишебиликке чакырат.

Четте калбаңыздар! Сүйүктүү борборубузга бир күндү арнайлы, анткени шаарыбызга да камкордук керек! Ар бирибиз өзүбүздүн корообузду, кеңсебизди иретке келтирсек, анда Бишкек шаарыбыз байкаларлык сергек жана таза болот.

Муниципалитеттин шаардык кызматтары да жалпы ишебиликке даяр жана “Тазалык” муниципалдык ишканасы чогулган таштандыларды өз убагында чыгарууга жооптуу.

Мындан тышкары, ишебилик маалында “Жашыл Мурас” улуттук компаниясынын алкагында көчөттөрдү отургузууга басым жасалууда.
Сүйүктүү Бишкектиктер! Чогулган таштандыларды жана жалбырактарды өрттөөгө катуу тыюу салынганын эскертебиз, анткени таштандыдан чыккан түтүн көмүр кычкыл газынын булагы болуп саналат, ал адамдын ден соолугуна чоң зыян келтирет жана аларды өрттөө борбордун абасын абдан булгап, шаардын ден соолугуна олутту зыян келтирет.