Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков райондун ири өнөр жай «Шоро» ЖАК жана «ОККО» ААКсында ишканаларында болду.

«Шоро» компаниясы Кыргызстандын рыногунда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат, улуттук суусундуктарды жана минералдык булак суусун чыгарууда лидер болуп саналат.
Өнөр -жай ишканаларынын жетекчилери менен жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишканалардын өндүрүштүк потенциалын жогорулатуу боюнча мындан аркы кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашышты.

Маалымдама: «ОККО» ААК Кыргыз Республикасынын аймагындагы эң эски булгаары бирикмелеринин бири. Заводдун өндүрүшү ар кандай профилдеги жогорку сапаттагы булгаары буюмдарын чыгарууга негизделген.

Ишканалар ички жана тышкы рынокко багытталган, ири иш берүүчүлөр болуп саналат.