“Тазалык” муниципалдык ишканасы жолдорду, тротуарларды  кардан тазалоо иштерин ыкчам баштайт.

Тазалоо иштерине МАЗ үлгүсүндөгү 25 универсалдуу унаа, 2 ЗИЛ кум чачуучу, 2 техникалык кум чачуучу фронталдык  жүктөгүч  тартылат.

Аба -ырайынын кесепеттеринен көчөлөрдү жол тейлөө башкармалыгынын 30 кызматкери жана 628 көчө шыпыргыч тазалашат.

Урматтуу шаардктар! Эгер жол боюндагы айрым участоктор тазаланбаганына күбө болсоңуз, бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын WhatsApp: 0554 182 185 номерине же 1840 жана 1850 номурларына күнү-түнү кабарлаңыз.