Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Монополияга каршы комитет, салык кызматы жана МАБ менен биргеликте «Азиз» базарынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушууда базарда чарбалык ишмердүүлүк менен алектенген чарба субъектилердин арасында контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуунун көйгөйлүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле,  базардын администрациясына азык-түлүк жана социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Район башчысы социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын баасын жогорулатпоо зарылдыгын жана райондун калкы үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылууну белгиледи.

Маалымдама: “Азиз” кичи дүң базары М.Ганди, 201 дарегинде жайгашкан. Аянты - 27 770 м2 жана 120 соода орундарын түзөт .

Белгилей кетсек, товар жүгүртүүлөрү аз ишкерлер смартфонундагы мобилдик тиркеме аркылуу иштей алышат. ККМ ири соода борборлору үчүн милдеттүү болот. 8 миллион сомго чейинки соода жүргүзгөн чакан ишканалар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен салыктан бошотулат.

KKM-онлайн - бул ишкердик субъектиге таандык электрондук түзүлүштөргө (персоналдык/ноутбук компьютер, уюлдук телефон жана башка ушул сыяктуу түзүлүштөргө) орнотулган программалык камсыздоо, анын жардамы менен накталай операциялар жүргүзүлө турган виртуалдык кассалык машина болуп саналат.