National Medicine Awards сыйлыктарын  тапшыруу аземинде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча “Жылдын мыкты медайымы” номинациясында №8 ҮМБнын медициналык консультациялык бөлүмүнүн улук медайымы Светлана Шайбекова жеңишке жетти.

Бишкек шаарынын мэриясы Светлана Анарбаевнаны сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт жана талыкпаган эмгеги жана ишке берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирет.


Белгилей кетсек, сыйлык тапшыруу аземинин уюштуруучусу КРнын пластикалык хирургдар ассоциациясынын төрагасы, медицина илимдеринин кандидаты Султан Тукешов.

Маалымдама:
Шайбекова Светлана Анарбаевна 1985-жылы Кара-Балта медициналык окуу жайына тапшырган. Окууну аяктагандан кийин Сокулук райондук борбордук ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө медайым болуп иштеген.

1993-1999-жылдары №3 балдар клиникалык ооруканасынын көкүрөк бөлүмүндө медайым болуп иштеген. Кийин №16 шаардык бейтапкананын хирургия бөлүмүндө медайым болуп иштеген.

2001-жылы №8 ҮМБнын хирургия бөлүмүнө медайым болуп кабыл алынып, учурда медициналык консультациялык бөлүмдө улук медайым болуп эмгектенет.

Светлана Анарбаевна иштеген мезгилинде өзүн эмгекчил, аткаруучу, жоопкерчиликтүү медициналык айым катары көрсөтүп, ҮМБнын коомдук жашоосуна активдүү катышат, бейтаптар жана кызматкерлер арасында кадыр-баркка ээ. Медициналык манипуляциянын бардык ыкмаларын билет, жогорку квалификациялык категорияга ээ, ошондой эле кесиптик билимди жогорулатуунун үстүндө тынымсыз иштеп келет.
Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын сыйлыгы жана 2014-жылы КР "Саламаттык сактоонун отличниги" төш белгиси менен сыйланган.