Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондусу (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына  гуманитардык жардам көрсөттү.

Ооруканага 800 миң сомдон ашык суммага кир жуугуч машина, атайын тазалоочу араба, ошондой эле чаң  тазалоо үчүн көп жолу колдонулуучу чүпүрөктөр берилди.

Эске салсак, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасы Бишкек шаарындагы балдарга  күнү-түнү жардам көрсөткөн жалгыз көп тармактуу балдар ооруканасы болуп саналат.

Бишкек шаарынын мэриясы БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.