Ленин районунун мобилдик тобу  чарба субъекттеринин коопсуздук кызматы менен биргеликте "Ош базары"СБКнын чектеш аймагында башаламан сооданы жоюу боюнча мурда кол коюлган меморандумга ылайык рейддик иш-чараларды улантышууда.

Бүгүн Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев рейддик иш-чараларга кошулуп, башаламан сатуучулар менен белгиленбеген жерлерде соода кылуу мыйзамсыз экени  жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүздү, ошондой эле райондун акими сатуучуларга коопсуз соода үчүн бардык шарттар бар бош соода орундарын сунуштады.

Айта кетсек, базар администрациясынын маалыматы боюнча, азыркы учурда "Ош базары" СБКнын аймагында 400-500 дөн ашык соода орундары бар.

Рейддин натыйжасында Киев, Бейшеналиева, Кулиев жана Токтогул көчөлөрүнүн унаа жолдору тазаланып, базардын тротуарлары бошотулуп, башаламан соодага өбөлгө түзгөн 20дан ашык ар кандай объекттер, конструкциялар (кол чатырлар, столдор, отургучтар, тачкалар) алынды.