№109 мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында Бишкек шаарындагы бала бакчалардын директорлору үчүн тегерек стол өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде көп тилдүү билим берүү, ошондой эле бала бакчаларда STEAM билим берүүнү киргизүү жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алынып, төмөндөгүлөр сунушталды:

• Бишкек шаарындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эки же андан көп тилди колдонуу менен көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруу;

• Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ишинин натыйжалары Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуу.