Рейддер 2022-жылга бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында жүргүзүлөт.

Курамына акимиаттын кызматкерлери,   МСКБнын, Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин, Бишкек шаарынын ЖКББнын өкүлдөрү кирген. Алар Октябрь районунун аймагында иш алып барган маршруттук таксилердин айдоочулары тарабынан ыктыярдуу патент төлөнгөндүгүн текшеришет.

Урматтуу шаардыктар! Эске салсак, 1-апрелде мамлекеттик/муниципалдык жана жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Декларацияны тапшырууга милдеттүү:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар;
- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегенде;
- салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участогунун ээлери (короо жанындагы участокторду кошпогондо);
- юридикалык жакты түзбөстөн иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.