Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти калыбына келтирүүнү, анын ичинде шаарды мыйзамсыз орнотулган объекттерден бошотууну улантууда.

Борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен муниципалитеттин жанында жайгашкан Киев көчөсүндөгү тосмолор демонтаждалды.

Ошондой эле, инспекция тарабынан КРнын Экономика министрлигине караштуу «Кыргызстандарт» мекемесинин Панфилов көчөсүндөгү тосмолор алынды.

Урматтуу шааардыктар! Инспекциянын ишине тиешелүү кайрылууларды  төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

Свердлов району боюнча: 0705003137;
Октябрь району боюнча: 0551551745;
Биринчи май району боюнча: 0555404818;
Ленин району боюнча: 0550070505.