Шаар ишин улантууда. Муниципалдык кызматтар борбор калаанын үзгүлтүксүз жашоосун камсыз кылат.

Бүгүнкү күндө борбордо жашыл көчөттөрдү отургузуу кызуу жүрүп жатат.

“Ынтымак-2” сейил багында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев 30 түп клен, ясень, липа жана куш алча көчөттөрүн отургузушту.

Ошол эле учурда Ден соолук паркына «Мастерская счастья» уюму тарабынан 110 түп кайың отургузулду.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэри шаарга 2000 клен жана ясень көчөттөрүн белек кылды. Анын ичинен Калыс-Ордо конушуна миң, Мурас-Ордо конушуна 500, Ак-Босого конушуна  500 жаш көчөт отургузулду.

Белгилей кетсек, бардык көчөттөр «Жашыл Мурас» жашылдандыруу боюнча улуттук кампаниянын алкагында өткөрүлүүдө.