Борбор калаанын төрт районунун башчылары эл жана турак жай фондун каттоодон өттү.

Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков МАБдардын жетекчилери, ошондой эле эл каттоочулар менен биргеликте райондо Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун  каттоонун жүрүшүн текшерди. Аким инструктордук кабинеттин иши менен, ошондой эле калк жашаган пункттарда калкты каттоонун жүрүшү менен таанышты.

Эл каттоого Ленин районунун акими Русланбек Тагаев катышты. Каттоочу атайын мобилдик тиркемени колдонуу менен жеринде акимдин, анын үй-бүлөсүнүн жана турак-жай фондусунун маалыматтарын анкета формасына ылайык каттады.

Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов менен Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев да эл каттоо анкетасын толтурууга  маалыматтарын беришти.

Эске салсак, Кыргызстанда 25-марттан тарта калкты жана турак жай фондун каттоо башталды, ал 10 күнгө - 2022-жылдын 3-апрелине чейин созулат.

Эл каттоого катышуу милдеттүү. Ага Кыргызстандын бардык жарандары, өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө убактылуу жок болгон Кыргыз Республикасынын жарандары тартылат.

Мындан тышкары, алар өлкөнүн, шаардын, райондун аймагында жайгашкан бардык турак жайларды каттоону жүргүзүшөт.

Урматтуу шаардыктар! Эл каттоонун жүрүшүнө байланыштуу суроолоруңуз болсо, төмөнкү дарекке кайрылыңыз:

- Ленин району: 887366;
- Октябрь району: 576438;
- Биринчи май району: 300871;
- Свердлов району: 382468.

Сиздин кайрылууңуздар республика боюнча бирдиктүү колл-борбор тарабынан да кабыл алынат: 1216.