Борбор калаада сугат мезгили башталды. Быйылкы жылы кыртышта нымды мүмкүн болушунча сактап калуу үчүн өсүмдүктөрдү сугаруу эрте башталды, бул ысык аба-ырайында көчөттөрдүн абалына жакшы таасирин тийгизет.

Борбор калаанын сейил бактарына быйылкы жылдын биринчи арык суусу таң эрте "Жогорку транзит" жана "Белек" каналдарынан алынды. Ал Д.Асанов атындагы Жеңиш паркына, Ата-Түрк, Ынтымак парктарына секундасына 500 литрден кирген.

Сугаруу - өсүмдүккө  кам көрүүнүн негизги элементтеринин бири. Кургакчылыкка эң чыдамдуу түрлөрдү тандоо менен да, сугаруу зарыл.