Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! 25-апрелде Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин муниципалитеттин менчигиндеги муниципалдык жайларды электрондук соода аянтчасы аркылуу ижарага берүү боюнча электрондук аукцион өткөрүлөт.

Аукционго бир жылдык ижара мөөнөтү менен 7 объект коюлган, катышуу үчүн https://etp.okmot.kg/msu/ сайтына кирүү керек.

Жарандарды, ишкерлерди биздин онлайн аукционубузга катышууга чакырабыз!

Эске салсак, жер реформасынын алкагында жер тилкелерин, муниципалдык жайларды электрондук аукцион аркылуу ижарага берүү тартиби так жөнгө салынган, бул бардык процедураны ачык-айкын жана адилеттүү кылып, шаардын киреше бөлүгүн да жогорулатат.

Урматтуу шаар тургундары! Кошумча маалымат алуу үчүн: 0312 45 44 14 номерине жана социалдык тармактардагы баракчасына кайрылыңыз: https://www.facebook.com/umibishkek

Муниципалдык менчикти ижарага алуу келишимин түзүү укугуна аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо менен электрондук форматта төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru /13463?cl=ru-ru