Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти калыбына келтирүүнү, анын ичинде шаарды мыйзамсыз орнотулган объекттерден бошотууну улантууда.

Коңшу жайгашкан аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык, “Акылдаш” ишканасына (Киев көч., 135), “KG Мебель” дүкөнүнө (Матросов  3а) айып салынган. Бул категориядагы айып пулдун өлчөмү 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин.

«Чыгыш-5» кичи районунда курулуш таштандыларын ыргытуу фактысы катталды. Жеринде 115-берененин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, шаар тургуну Асановго 7 миң 500 сом айып салынды.

Ак-Өргө конушундагы Кырк-Кыз көчөсүндөгү  объектилердин жанындагы бактарды “Лист” курулуш компаниясы кыйгандыгы аныкталды.  Мындай жосун үчүн ишканага 179-берененин 2-бөлүгүнө ылайык 17 миң сом айып салынды.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине тиешелүү кайрылууларды  төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар  болот:

- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.