Кыргызстанда 25-марттан тарта калкты жана турак жай фондун каттоо башталат, ал 10 күнгө - 2022-жылдын 3-апрелине чейин созулат.

Эл каттоого катышуу милдеттүү. Ага Кыргызстандын бардык жарандары, өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө убактылуу жок болгон Кыргыз Республикасынын жарандары тартылат.

Мындан тышкары, алар өлкөнүн, шаардын, райондун аймагында жайгашкан бардык турак жайларды каттоону жүргүзүшөт.

Урматтуу шаардыктар! Эл каттоонун жүрүшүнө байланыштуу суроолоруңуз болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кайрылыңыздар:

— Ленин району — 88-73-66;
— Октябрь району — 57-64-38;
-  Биринчи май району - 30-08-71;
-  Свердлов району — 38-24-68.