Москва көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде жолдун четинде 5 метр тереңдиктеги канализациялык кудук иштен чыккан.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын тобу урап кетүүнүн себептерин иликтеп, маселени чечүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Буга байланыштуу саат 10:00дөн баштап аталган тилкеде №8 жана №9 троллейбустук каттамдардын каттамы убактылуу токтотулду. №7 троллейбустук каттамдын схемасы («Тунгуч» кичи району– Эт комбинаты) да жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Урматтуу шаардыктар, айдоочулар! Жолдун бул бөлүгүндө этият болуңуздар. Мүмкүн болсо, башка жолдор менен каттоону суранбыз.