Борбор калаада нымдуу кар бак-дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизүүдө.

Ушундан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объекттердин жанына токтотпоону өтүнөт.

Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болгондор болсо, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850 кабарлаңыздар. Ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 -182-185 номуру боюнча жөнөтүңүздөр.

Этият болуп,  жылуу кийиниңиздер.