Мануилова атындагы мемориалдык үй-музейде өтүп жаткан Сабиджан Бабаджановдун “Жер гүлдөрү” көргөзмөсүнө шаардык кызматтардын кызматкерлери барды.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын жана Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын жамааты бул күндү чыгармачылыкка жана маданиятка арнады.

Маданий иш-чараларга башка шаардык кызматтардын кызматкерлери да катышат.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Искусство дүйнөсүнө сүңгүп кетүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Иш күндөрү шаардыктар үчүн эшик ачык. Кирүү акысыз.