Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков Гидростроитель көчөсүнөн баштап  Алма-Ата көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин жолдун курулуш иштери менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулушка тоскоол болгон объектилерди бузуу маселелери каралды.  Белгилей кетсек, Гидростроитель көчөсү Чүй облусунун Аламүдүн району менен чектешет, ага байланыштуу аны демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Айта кетсек, быйыл КЭР Өкмөтүнүн грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында, 2012-жылы Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан Свердлов районундагы Шабдан Баатыр көчөсүнөн Ауэзов «Учкун» конушунун  аягына чейин жол иштери улантылат.