Социалдык тармактарда  “Ынтымак 2” сейил багында үй курулуп жаткандыгы тууралуу талкуу болуп, талаш-тартышка алынган.

Буга байланыштуу, муниципалитет ал курулуш иштерине тынчсызданбоону өтүнөт, анткени шаардыктар үчүн Скейт-парк курулуп жатат.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти “Ынтымак” паркынын аймагындагы жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берген.

1 гектарга жакын жер тилкеси ОсОО “Ю-Ти-Ай Глобал” ЖЧКсынын жеке менчигинде болгон.  Эми инвесторлордун колдоосу менен бул жерде скейт   жана паркур сүйүүчүлөрү үчүн атайын аймактар пайда болот.  Мындай парк Борбор Азияда биринчи жолу курулат.