Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгына көчмө жыйын өткөрүп,  эмгек жамааты менен жолугушту.

Мэр тажрыйбалуу адистерди сактап, жаш кадрларды даярдоо менен башкармалыкты  реформалоо милдетин койду.  Ошондой эле, “Бишкексууканал” объектилерин модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча так программа иштеп чыгуу зарылчылыгын белгиледи.

Ага кошумча, суу менен камсыздоо жана канализация тармагын өнүктүрүү шаар бийлигинин артыкчылыктуу багыты болуп, “Бишкексууканал” башкармалыгы  кирешелүү ишканага айланышы керектигин айтты.