Туруксуз аба-ырайынан улам борбор калаанын кээ бир көчөлөрүндө суу ташкындары пайда болуп, шаардыктардын нааразычылыгын жаратты. Буга байланыштуу багбандар сел менен күрөшүүгө болгон күч аракетин жумшап жатышат.

Эртең менен Осмонкул, Баялинов, Фере, Л.Толстой , Фатьянов, Тыныстанов, Күрөңкеев, Жибек-Жолу-Орозбеков көчөлөрүндө, Эне-Сай, Ала-Тоо конуштарында, Тунгуч кичи районундагы  агынды суулары жоюлду.

Ошондой эле Чүй-Тоголок Молдо, Абдрахманов, 7-кичи район, Курманжан Датка-Жибек-Жолу жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги бак-дарактар алынды.

Андан тышкары, траншеяларды, чуңкурларды казып, тосмолорду отургузуу иштери улантылууда.