Иш-чара калаанын  борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүл коюу менен башталып, Аксы окуясында курман болгондор эскерилди.

"Аксы" окуясы - 2002-жылы Аксы районунда болгон окуя. 2002-жылы 17-мартта Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге ок чыгарган.